ЖАЗГЫЧ АКЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кыргыз жазма (профессионалдык) адабияты жаралганга чейинки мезгилде айрым сабаты ачылган акындар өз чыгармаларын (оозеки поэтикалык салттагы эле) төкмө акындардай эл алдында оозеки айтпастан, жазма формада, кагазга жазуу түрүндө жарата башташкан. Мына ушундай акындарга адабият таануу илиминде «жазгыч акындар» деген аныктама берилет. Молдо Кылыч – жазгыч акын.